Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 7
Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын жашоочуларынын арызы жөнүндө
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIII сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын жашоочуларынын ички көчөлөрүнүн бирине маркум Арзыматов Абдыганы атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын ички көчөсү Жолдошов Замирдин үйүнөн , көчөнүн акырына чейин маркум Арзыматов Абдыганынын аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано, үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, аты коюлган атуулдун туугандарына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Досов |