Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 8
Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Айтайылынын жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIII сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын жашоочуларынын кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы № 9 Ж.Асанов атындагы орто мектебинин мурдагы интернат болгон имаратын жаңы бала бакча курулганга чейин убактылуу бала бакча кылып берүү үчүн айыл өкмөтү тарабынан керектелучүү иш кагаздарын экотехинспекциянын жарактуу деген документине негиз, даярдоого жардам берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кенештин төрагасынын орун басары Р. Сатаровко милдеттендирилсин
Төрага | Э. Досов |