Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июну № 2
Кызыл-Ай айылынын таза суусу жөнүндө
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сатаркуловдун, Кызыл-Ай айылынын таза суусу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ай айылынын таза ичүүчү суусун июнь айына чыгаруу үчүн демөөрчүлүк көрсөтүү жагы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Т.А. Долдоевден суралсын.
2. Таза ичүүчү сууну июль айы 2016-жыл үчүн чыгаруу айыл өкмөт башчысы Т.Сатаркуловко жүктөлсүн.
3. Август айында 10,0 миң сом акча каражатын, таза сууну чыгарууга төгүп берүү жагы П. Торокуловко милдеттендирилсин.
4. Мындан кийин, таза ичүүчү сууну чыгарууда кемчиликтерге жол бербей, убагында тетиктерди ремонттоп туруу жагы Боронбаев Адашка жүктөлсүн.
5. Таза суу боюнча иштин жүрүшүн көзөмөлдөп, калкты таза суу менен камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Т. Сатаркуловко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Э. Досов |