Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июну № 4
Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуу каты жөнүндө
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги А.К. Өскөнбаевдин кайрылуу катын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтү тарабынан, депутаттардын катышуусу менен эски гараждын каркастарын көрүп жана анализ жүргүзүү үчүн комиссия түзүлсүн.
2. Түзүлгөн комиссия жерине барып, көрүп, анализден келгенден кийин өз корутундусун жана сунушун айылдык Кенешке кароого киргизсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Э. Досов |