Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июну № 5
Жогорку кеңештин депутаты С.К. Нышанов жөнүндө
Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, Сейдикум айыл аймагындагы айылдардан (Дүкүр, Кызыл-Ай, Хажир-Абад, Жаңы-Абад, Чоң-Курулуш) келип түшкөн элдик жыйындардын протоколдорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагындагы айылдардан (Дүкүр, Кызыл-Ай, Хажир-Абад, Жаңы-Абад, Чоң-Курулуш) келип түшкөн элдик жыйындардын протоколдору бекитилсин жана Сейдикум айыл аймагынын социалдык–экономикалык өсүп өнүгүсүнө чоң салым кошкон Жогорку Кеңештин депутататы С.К. Нышановко Сейдикум айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын ыйгарууну уюштуруу жана атрибуттарын даярдоо жагы Сейдикум айыл Өкмөтүнүн башчысы Т.А. Сатаркуловко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
А.Джаликов
|