Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 24/1
Кум-Дөбө айылдык кеңешине V чакырылышынан шайланган айылдык кеңешинин депутаттары сессияга келбегендердин өздүк маселелерин кароо жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, кеңеште түзүлгөн туруктуу комиссиянын маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине шайланган айрым депутаттар жүйөлүү себепсиз сессияга катышпагандыгы үчүн 2000-жылдагы 13-январь № 3 Кыргыз Республикасынын мыйзамы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын 3-статьясында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндөгү бөлүмчөсүнө ылайык токтотуу жагы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы мандат, депутаттык иш, этика, мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо жана адамдардын укугун коргоо боюнча туруктуу комиссиянын комитетинде каралсын.
Төрага | А. Тургуналиева |