Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 24/3
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук уюмдар: “Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин”, “Кум-Дөбө ичээр суу” ИСКАКБнын, Шамшы айылындагы “Ичке-Булак” СООППВнын, Ак-Жар айылындагы “Кайнар-Булак ичээр суу” бирикмелеринин Уставына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, № 3 Кеңсе шайлоо округунан шайланган депутат Дүйшекеев Жеткинбектин коомдук уюмдардын Уставына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча маалымат сунуштарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу коомдук уюмдардын Уставдарына өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешиндеги туруктуу комиссиясы менен коомдук уюмдардын башчылары менен бирдикте Уставга өзгөртүү киргизилген бөлүкчөлөрүнүн негизинде иш жүргүзүлсүн.
Төрага | А. Тургуналиева |