Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 24/4
Кум-Дөбө айыл өкмөтү боюнча айлык бюджетинин аткарылышы жана жарым жылдык салыктын түрүнүн чогулушунун абалы жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б. Тажиевдини маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевдин 2016-жылдын жарым жылдык аткарган иштеринде салыктын түрлөрү боюнча бир кыйла кемчиликтер кеткени белгиленсин.
2. 2016-жылдын аягына чейин Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө алынуучу салыктын түрлөрү боюнча уюшкандыкта аткаруу жагы ФЭБ башчысы Б. Тажиевге, салык инспекторлору А. Касмалиева, К. Абдыраимова, К. Курманалиева жана Ж. Дүйшөкуловаларга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Тургуналиева |