Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 24/6
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы 6 айлык салыктарды аткарууда ашыкча түшкөн 5.400.00 млн сом каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевдин 2016-жылдын 6 айлык салыктарды аткарууда ашыкча түшкөн 5.400.000 млн сом каражатты айылдардагы соц. объектилерди куруу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 6 айлык салыктарды аткарууда ашыкча түшкөн 5.400000 (беш миллион төрт жүз миң) сомду айылдардын соц. объектилерин жакшыртууга жага курууга төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин.
-Ак-Жар айылына 1090.0 (бир миллион токсон миң) сом
-Кум-Дөбө айылына -1990.0 (бир миллион тогуз жүз токсон) сом
-Бугучу айылына-1100.0 (бир миллион бир жүз миң) сом
-Шамшы айылына-1180.0 (бир миллион бир жүз сексен миң) сом
-Жайыт маселеси боюнча өтүүчү семинарды уюштурууга-40.0 (кырк миң) сом
-Баары-5400.0 (Беш миллион төрт жүз миң) сом.
2. Бөлүнгөн каражаттарды ар бир айыл кайсы багытка жумшаарын жана иш план сметасы менен толук эсебинен берүү жагы айыл башчылар Э. Мааткалымов, Н. Акматов, К. Турусбеков жана М. Дүйшөналиевдерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана чыгымдар боюнча айылдардын айыл башчыларынан отчётун алып, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына отчёт берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убалиевге жана ФЭБ башчысы Б. Тажиевге тапшырылсын.
Төрайым | А. Тургуналиева |