Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 24/7
Кум-Дөбө айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо округдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана кеңештин катчысы Ө. Ишенгуловдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна карата эки шайлоо участкасын көп мандаттуу бир шайлоо округун түзүү жөнүндө сунушун, угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы № 4147 Кум-Дөбө шайлоо участкасы жана № 4148 Кеңсе шайлоо участкасы көп мандаттуу шайлоо округу болуп түзүлсүн.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинде сунушталып, көрсөтүлгөн токтомун чечип берүү жагы Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | А. Тургуналиева |