Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 24/8
Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө ашыкча каражаттын эсебинен аппаратта иштеген кызматкерлердин жазган өтүнүч катын кароо жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы А. Тургуналиева, айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлеринин айылдык кеңешке жазган өтүнүч катын окуп, угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 6 айынын салыктардын түрлөрү боюнча ашыкча каражаттын эсебинен, аппаратта иштеген кызматкерлердин жазган өтүнүч катын канааттандырып, жалпы 1000 (бир миң) литр күйүүчү же акчалай 36000 (отуз алты) миң сомго бөлүнүп берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акчаны ашыкча каражаттын эсебин таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Убалиевге жана ФЭБ башчысы Б. Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | А. Тургуналиева |