Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июлу № 24/9
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, участкалык шайлоо комиссиялар тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө” Кодекстин нормаларын туура жана бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо участкаларын, участкалык шайлоо комиссияларын, резервдик курамын көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүн органдарынын өкүлдөрүнүн коомдук уюмдарынан, жашаган көчөлөрдөн жана жарандардын чогулушунан, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлерди угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын шайлоосун уюштуруу жана өзгөртүүгө карата, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы айыл кыштактардан, мекемелерден жана жарандардын чогулуштарынан Кум-Дөбө айылдык кеңешинин алдындагы шайлоо участкаларга көрсөтүлгөн талапкерлердин резервдик курамы менен шайлоо участкаларынын комиссияларынын курамын мыйзамда белгиленген санда бекитип берүү жагы Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын.
2. Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясы жана депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин шайлоо комиссияларынын курамын бекитүүдө көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен мурунку шайлоолордо иштеген тажрыйбасын, билими, кадыр-баркы эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине тапшырылсын.
Төрайым | А. Тургуналиева |