Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-июну № 20/135
Ак-Кыя айылынан кичи футболдук аянтча куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Кыя айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратынын маңдайынан кичи футболдук аянтча куруу үчүн Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылынын айыл өкмөтүнүн имаратынын маңдайынан кичи футболдук аянтча куруу үчүн узуну 50 метр, туурасы 30 метр муниципалдык менчиктеги бош жаткан жер аянтчасы бөлүнүп берилсин.
2. Футболдук аянтча куруу үчүн бөлүнгөн жер аянтын мыйзамга ылайык күбөлөндүрүүчү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси К. Иманкуловага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ж. Аскаров |