Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июлу № 21/137
Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчү адисинин жүргүзгөн иштери жөнүндө
Мал арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча Кочкор райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчү адисинин жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчётун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча Кочкор райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчү адиси М.Казиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында жеке ветеринардын ишин көзөмөлдөө менен бирге иш алып баруу, кой, эчкилерди 2016-жылдын 15-июлунан баштап күпкөгө салуу жагы Кочкор райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчү адиси М.Казиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |