Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июлу № 21/138
№ 14 жол тейлөө ишканасынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Сары-Булак айылындагы № 14 жол тейлөө ишканасынын 2015-2016-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө ишкананын начальниги К. Бердибековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 14 жол тейлөө ишканасынын начальниги К. Бердибековдун 2015-2016-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө отчёту канааттандыраарылык деп табылсын.
2. Ак-Кыя айылынын ичиндеги жаңы асфальтталуучу жолго өзгөчө көңүл буруу менен жолдун сапаттуу асфальтталышын жеке жоопкерчиликке алуу жагы ишкананын начальниги К. Бердибековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Кыя айылынын ичиндеги жаңы асфальтталган жолду сактап калуу үчүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинен Ак-Таш мрамор кенине текшерип өткөрүү жайын коюу үчүн стандарттык салмакты көзөмөлдөө аппаратын курдуруу суралсын.
4. Ак-Кыя айылынын ичиндеги жаңы асфальтталган жолго авто унаанын ылдамдыгын азайтуучу тосколдуктарды коюу жөнүндө уруксат берүү жагы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |