Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июлу № 21/139
Калкты газета журналдар, пенсия, посбие менен камсыз кылууда байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматын угуу жөнүндө
Калкты газета журналдар, пенсия, посбие менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айылындагы Д. Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы М. Мырзабек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты газета журналдар, пенсия, посбие менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Д.Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы М. Мырзабек уулунун маалыматы канааттандырылык деп табылсын.
2. Байланыш бөлүмүнүн мындан аркы иштерин жакшыртуу менен калкты кечиктирилгиз тейлөөнү камсыз кылуу жагы Д.Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы М. Мырзабек уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы сөз регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |