Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июлу №21/140
2016-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде 2016-2017 жылы Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн «Жол картасынын» алты ай ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде 2016-2017 жылы Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн «Жол картасынын» алты ай ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2016-2017 жылы Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн «Жол картасынын»аткарылышы боюнча кечиктирилгиз иш алып баруу менен айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге төмөндөгүлөрдү аткаруу тапшырылсын:
1) Айыл өкмөтүндөгү прктын айланасын зым тор менен тосууну 2016-жылдын 15-июлуна чейин бүткөрүү;
2)Ак-Кыя айылындагы дренажды тазалоо иштерин 2016-жылдын 15-июлуна чейин бүткөрүү;
3) Жайыттардагы малчылардын зым короосун 2016-жылдын 15-июлуна чейин алдыруу;
4)Таза суу боюнча 2016-жылдын 26-июлуна чейин иштебеген колонккаларды оңдоп, иш кагаздарын тактап өткөрүп берүү;
5) Түнкү жарыкты Ак-Кыя айылы боюнча жаңы асфальтталган жолдун бүтүшүү менен бүтүрүү;
6) Сары-Булак айылындагы түнкү жарыкты 2016-жылдын 20-июлуна бүткөрүү.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |