Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июлу № 21/142
Сары-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 10,1 пунктуна ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 10,1 пунктуна ылайык жамааттын уставынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери болгон төмөндөгү адамдарга Айылдын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
1. Абдырахманов Муканбет
2. Жумабеков Сабыралы
3. Качкынчиева Таалайбүбү
4. Осмонова Айтбүбү Асековна
5. Өмүралиев Шарапидин
6. Сексенбаева Жийдекан
7. Элтуйбасов Курманбек Айдарович
2. Сары-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулуна» наамына көрсөтүлүп жаткан атуулдардын күбөлүктөрүн алып берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |