Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июлу № 21/144
Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына сунуш берүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынан Ак-Кыя айылынын жалпы жамаатынын Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө токтомун бекитип берүү жөнүндө айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынан Ак-Кыя айылынын жалпы жамаатынын Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө токтому бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын тургуну «Ардак белгиси» орденини, Кыргыз Республикасынын «Элге билим берүүсүнүн отличниги», Кыргыз Республикасынын«Мыкты маданият кызматкери», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мыкты кызматкери» төш белгилери менен сыйлаган, «Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору» Макишов Орозобек Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына татыктуу экендиги белгиленсин.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор районун «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу боюнча комиссиядан суралсын.
Төрагасы | Б.К. Элтуйбасов |