Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-марты № 3
Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VI чакырылышынын отуз төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 282377 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 282377 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
-Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 58600 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-Аппарат кызматкерлерине сыйлык акы катарында -50000 сом;
-Соц.фондго чегерүү - 8600 сом ;
-Айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнө 37000 сом бөлүнсун.
Анын ичинен:
-Маданият бөлүмүнүн кызматкерлерине сыйлык акы катары - 6000 сом;
-Соц.фондго чегерүү - 1000 сом;
-Көк-бөрү оюунун өткөрүү үчүн - 20000 сом ;
-Ар кандай чыгымдар статьясына - 10000 сом.
-Айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүнүн 2215 статьясына кеңештин төрагасына бир жолу берилүүчү компенсация катары 10000 сом бөлүнсүн.
-Айыл өкмөтүндө жаны ачылып жаткан балдар бакчасына 160000 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-Тамак-ашына - 45000 сом:
-Эмерек жана идиш аяктарына -115000 сом.
3. Чыгашадан ашкан кирешенин калган 16777 сом акча каражаты кийинкиге калтырылсын.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Бакай-Ата райондук каржы жана казына бөлүмдөрүнө сунуш кылынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |