Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-апрели № 1
Көчөлөргө ысымдары берилген жарандар жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз бешинчи сессиясы, көчөлөргө ысымдары берилген жарандар жана жаңы көчөлөрдүн учурдагы абалы жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көчөлөргө ысымы берилген жарандардын балдары, туугандары ошол көчөнүн тазалыгына, тегиздигине, көпүрөлөрдүн абалына, түнкү жарыктандырууга, көчөнүн аталышынын табличка түрүндө жайгашуусуна, турак жайлардын номурунун болушуна катуу көңүл бурушсун.
2. Аталган иштер көчөлөргө ысымы берилген жарандардын балдарынын, туугандарынын өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Мындай талаптар аткарылбаган учурда көчөнүн атын өзгөртүү жагы каралсын.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |