Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-апрели № 2
Жайыт комитетинин төрагасы Ш. Турдубаевдин иши жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз бешинчи сессиясы, жайыт комитетинин төрагасы Ш. Турдубаевдин иши тууралу, малды жайлоого чыгаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал башына белгиленген тарифти жогорулатып алган малчыларга патент алуу жагы милдеттендирилсин.
2. Жайыттырдын жолдорун оңдоп-түзөөгө көңүл бурулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |