Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-апрели № 4
Турмуш тиричилик таштандыларын таштоого жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз бешинчи сессиясы, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо максатында, турмуш тиричилик таштандыларын таштоого жер участогун бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турмуш тиричилик таштандыларын таштоо үчүн 137-жер контурунан 0,30 гектар жер участогу 20 жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин.
2. Таштанды таштоочу жайдын эксплуатациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин ал жерди калыбына келтирүү рекультивациялоо иши жүргүзүлсүн.
3. Бөлүнгөн жер участокторун мамлекеттик каттоодон өткөрүү, мыйзамда белгиленген документти даярдап берүү жагы Бакай-Ата райондук Мамкаттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |