Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-апрели № 6
Тыпышев Канатбекке убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз бешинчи сессиясы, Тыпышев Канатбектин жайыт жеринен убактылуу пайдаланууга жер тилкесин сурап жазган арызын карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айылынын тургуну Тыпышев Канатбекке жайыт жерин убактылуу пайдаланууга № 325 жер контурунан 0,20 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Шадыбековага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |