Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июлу № 1
Бала бакчанын ачылышы жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз алтынчы сессиясы, Миң-Булак айыл аймагындагы жаңы ачылган бала бакчанын расмий ачылышын жасоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала бакчанын аталышы “Баластан” деп аталсын.
2. Бала бакчанын расмий ачылышы уюштурулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Ормотоевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |