Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016–жылдын 21-июлу № 2
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз алтынчы сессиясы, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүү боюнча Бакай-Ата райондук статистика башкармалыгы менен келишим түзүлсүн.
2. Келишимдин негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча 1 адис дайындалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |