Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016–жылдын 21-июлу № 4
Дренаждык трубаларды жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз алтынчы сессиясы, дренаждан чыккан трубаларды сатуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казылып алынган эски дренаждык трубаларды келишим баада сатууга уруксат берилсин.
2. Дренаждык трубаларды сатуудан түшкөн акча каражаты кичи футбол аянтчасын курууга өздүк салым катары жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Ормотоевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |