Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-февралы № 2
Покровка айылдык аймагын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгып жана Покровка айылдык аймагында өткөрүлгөн коомдук угуулардан толукталып, өзгөртүүлөр киргизилген Покровка айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017- жылдарга түзүлгөн стратегиялык, 2016-жылга кабыл алынган инвестициялык жана 2016-2017-жылдарга карата келечектеги инвестициялык пландарын Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017- жылдарга түзүлгөн стратегиялык, 2016-жылга кабыл алынган инвестициялык жана 2016-2017-жылдарга карата келечектеги инвестициялык пландары бекитилсин;
2. Покровка айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017- жылдарга түзүлгөн стратегиялык, 2016-жылга кабыл алынган инвестициялык жана 2016-2017-жылдарга карата келечектеги инвестициялык пландарынын негизинде иш алып баруу жана ошондой эле тагылган милдеттерди аткарууга алуу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төраймынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |