Редакцияот 18.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

2016-жылдын 18-мсарты № 6

Покровка айыл өкмөт башчысынын маалыматы жана Покровка айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Покровка айыл өкмөт башчысынын (Т.Базакечов) 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап жана ошондой эле Покровка айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата аткара турган иш планын бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовдун 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматы канааттандырарлык деп табылсын;

2. Покровка айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата аткара турган иш планы бекитилсин

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго милдеттендирилсин.

 

Төрайымдын орун басары

А. Кермалиев