ТоктомКүчүндө

Покровка айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-мартындагы № 7 «Жергиликтүү салыктар жөнүндө» токтому

Редакция18.03.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы

 

2016-жылдын 18-марты № 7

Жергиликтүү салыктар жөнүндө

Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 21.01.2016-жылындагы № 01-17/50 сандуу катынын негизинде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды көтөрүү маселесин Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын1. 31-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пуктуна ылайык, Покровка айылдык аймагында боюнча жер салыгынын базалык ставкаларынын зоналдык коэффициенти (Кз) өзгөртүүсүз калтырылсын:

2. КЭБнүн башчысы К. Жунусбаевге токтомдун негизинде иш алып баруу жагы тапшырылсын:

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайымдын орун басары

А. Кермалиев