Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 8
Автоунаа токточуу жайлардан акы алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Покровка айылындагы муниципалдык менчикке тиешелүү жер аянттарынан автоунаа токтотуу үчүн кызмат акы алуу максатында Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылындагы муниципалдык менчикке тиешелүү төмөндөгү жер аянттарынан автоунаа токтотуу үчүн ар бир автоунаадан бир күнгө 10 сомдон, соода сатык кылуу максатындагы автоунаалардан күнүнө 50 сомдон кызмат акы алынсын:
-М. Кояшев көчөсүнүн Ажыбек -Датка көчөсү менен кесилишине чейинки түндүк тарабы;
-Ажыбек -Датка көчөсү менен М.Кояшев көчөсүнүн кесилишине чейинки батыш-чыгыш тарабы;
-Ажыбек -Датка көчөсү менен Р.Жолдошов көчөсүнүн кесилишинин батыш тарабы;
-Р.Жолдошов көчөсүндөгү “Афган интернационалист жоокерлердин” сейил багынын алды;
-“Мал базардын” алдындагы жол тилиминин эки тарабы;
-К. Жаманкулов көчөсүнүн Р. Жолдошов көчөсүнө кесилишине чейинки батыш тарабы.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Покровка айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А. Кермалиев |