Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 9
«Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө»
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы сунуш кылынган бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2016-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы К.Б.Жунусбаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу ) жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышы: киреше бөлүгү, атайын каражат менен кошулганда 13050,0 сомго, жана чыгаша бөлүгү 13083,9 сомго (анын ичинде трансферт-теңдөөчү грант 338,3 сом, көмүргө, электр-энергияга, ар кандай чыгымдарга 2107,4 сом), атайын каржат 1876,6 сомго (ата-энелердин төлөмү) бекитилсин.
2. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетинин кирешелер боюнча атайын каржаттар менен кошулганда 15020,0 сом жана чыгашалар боюнча 15020,0 сом өлчөмүндө бекитилсин анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 12979,0 мин сом. Атайын каражат менен кошкондо (род.оплата) 2041,0 мин сом.
3. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме-уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү, көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына (К.Б.Жунусбаев) милдеттендирилсин, ал эми раздельден рездельге кошумча жылдыруу жагы Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
4. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн (айлык акы, соц.фонд жана тамак-аш).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А. Кермалиев |