Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 11
Покровка айылындагы № 5 “Бакыт” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмүн бекитүү жөнүндө
Покровка айылындагы № 5 “Бакыт” балдар бакчасындагы тарбиялануучу балдардын ата-энелер чогулушунун чечиминин негизинде, ата-энелер төлөмүн бекитүү маселесин Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылындагы № 5 “Бакыт” балдар бакчасындагы ата-энелер төлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:
- ата-энелер төлөмү 600 сом ай сайын;
- ата-энелер фонду 1000 сом бир жылга;
- кирүү взносу 2000 сом- бир жолу.
2. Биринчи кезекте каржылоо корголгон стаьяларга жүргүзүлсүн (ата-энелер төлөмүнөн түшкөн кирешенин 80 пайызы тамак-аш үчүн, 20 пайызы ар кандай чыгымдарга жумшалсын).
3. Ушул токтомдун негизинде иш жүргүзүү жагы Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы К. Жунусбаевге тапшырылсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А. Кермалиев |