ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы
2016-жылдын 18-марты № 12
“ТАЗААЙМАК” муниципалдык ишканасынын 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
“ТАЗААЙМАК” муниципалдык ишканасынын 2016-жылга карата бюджетинин долбоорун карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ТАЗААЙМАК” муниципалдык ишканасынын 2016-жылга карата бюджети кирешелер боюнча 1172,6 сом жана чыгашалар боюнча 1172,6 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А. Кермалиев |