Редакцияот 18.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы

 

2016-жылдын 18-марты № 13

Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө

Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарын ташуучу жүк ташуучу автоунааларынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарын ташуучу жүк ташуучу автоунааларынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:

А) 7 тоннага чейинки жүк ташуучу автоунаалар үчүн:

- эленген кум- 1800 сом;

- кум -1500 сом;

- шагыл - 1500 сом;

- топурак -1200 сом.

Б) 7 тоннадан өйдө жүк ташуучу автоунаалар үчүн:

- эленген кум- 2000 сом;

- кум -1800 сом;

- шагыл - 1800 сом;

- топурак -1500 сом.

2. Муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарын ташуучу автоунааларынын (жүк көтөрүмдүүлүгүнө карабай) ар бир каттамынан 250 сом “ТАЗААЙМАК” МИсына төлөнсүн;

3. Муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарын ташуучу жүк ташуучу автонууларынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча бекитилген тарифте иш жүргүзүүсүнө көзөмөл кылуу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айылдык кеңешинин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайымдын орун басары

А. Кермалиев