Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 14
СПАларга каражат бөлүштүрүү жөнүндө
“Жорго” СПАсынын директору О. Бекмурзаевдин жана “Байсал суу” СПАсынын директору А. Ташматовдун кайрылууларын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуулары үчүн, негизги арык-каналдарга тазалоо иштерин жүргүзүү максатында Покровка айылдык аймагына караштуу СПАларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөндөгүдөй материалдык жардамдар көрсөтүлсүн:
- “Жорго” СПАсына 1000 литр күйүүчү май (солярка);
- “Байсал суу” СПАсына ) 500 литр күйүүчү май (солярка) берилсин.
2. ЭКБнүн башчысы К. Жунусбаевге каражат бөлүштүрүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңешинин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А. Кермалиев |