Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 16
Сөгөт айылындагы ат майданына ат коюу жөнүндө
Сөгөт айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, Сөгөт айылынан 20000 м2 жер аянтын ат майдан катары пайдаланууга берип, Рахманкул уулу Алишердин атын коюу маселесин Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сөгөт айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, Сөгөт айылынан 20000м2 жер аянты ат майдан катары пайдаланууга берилсин жана “Рахманкул уулу Алишер -атындагы ат майданы” деп аталсын (протоколдор тиркелет);
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А.Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А. Кермалиев |