Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-иарты №19
Ачык соодалоого коюлуучу жана ижарага берилүүчү жер аянттары жөнүндө
Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги жер аянттарын жеке менчикке сатуу максатында ачык соодалоого (аукционго) коюу жана ижарага берүү үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги төмөндөгү жер аянттары жеке менчикке сатуу максатында ачык соодалоого (аукционго) коюлсун:
- Покровка айылындагы Советская көчөсүнүн күн батыш жак бетиндеги камыш басып бош жаткан көлмөнү ордуна келтирип, балык кармоочу көлмө куруу максатында 1500 кв.м жер аянты;
- Бала-Саруу айылындагы О.Карабаев көчөсүндөгү 1000 кв.м жер аянты- соода түйүнүн куруу максатында;
- Покровка айылындагы М.Кояшев көчөсүндөгү “Ак-Чардак” дүкөнүнүн күн чыгыш тарабындагы 8 кв.м жер аянты- гезит-журналдарды сатуучу киоск орнотууга ;
- Эски “Пионер лагердин” түндүк-батыш жак бетиндеги 1000 кв.м жер аянты - тоок ферма куруу максатында;
2. Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги төмөндөгү жер аянты ижарага берилсин:
- Покровка айылындагы “Мээрим” паркынын күн чыгыш тарабынан 12 кв.м жер аянты –“ТИР” ачуу үчүн 5 (беш) жылга ижарага берилсин;
3. Жогорудагы жер аянттарын ачык соодалоого коюуну жана ижарага берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизинде жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А .Кермалиев |