Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 20
Күрөш залын салууга жер тилимин берүү жөнүндө
Покровка айылынын Б. Чойбеков көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикке тиешелүү жер аянтына күрөш залын салуу максатында, 0,20 га жер тилиминбөлүнүп берүү маселесин, Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын Б. Чойбеков көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикке тиешелүү 0,20 га жер тилимикүрөш залын салуу максатында бөлүнүп берилсин;
2. Жер тилимин бөлүп берип, тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А. Кермалиев |