Редакцияот 18.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы

 

2016-жылдын 18-марты № 21

Муниципалдык менчиктеги эксковатор-тракторунун калкка кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө

Муниципалдык менчиктеги эксковатор-тракторунун калкка кызмат көрсөтүү тарифин бекитүүмаселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык менчиктеги эксковатор-тракторунун калкка кызмат көрсөтүү тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:

-Покровка айылдык аймагынын тургундары жана мекеме-уюмдар үчүн саатына 350 сом жана 10 литр күйүүчү май;

-Покровка айылдык аймагынан башка айылдык аймактын тургундары жана мекеме-уюмдар үчүн 700 сом жана 10 литр күйүүчү май;

2. Түшкөн каражат “ТАЗААЙМАК” МИсынын бюджетине кириштелсин;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайымдын орун басары

А. Кермалиев