ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы
2016-жылдын 18-марты № 22
Коопсуздук, тоскоолдук жараткан жана курулуш материалдары катары керек болгон тал-теректерди кыюу жөнүндө
Жол бойлорундагы куурап адам өмүрүнө коопсуздук жараткан, электр чубалгыларына тоскоолдук кылганжана курулуш материалдары катары керек болгон тал-теректерди кыюу маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагына караштуу айылдардагы жол бойлорунда куурап адам өмүрүнө коопсуздук жараткан, электр чубалгыларына тоскоолдук кылган жана курулуш материалдары катары керек болгон тал-теректерди кыюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигин макулдашуусу менен жүргүзүлсүн;
2. Кыйылган тал-теректерди максаттуу пайдалануу айылдык аймактык комиссиясынын чечими менен жүргүзүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары | А. Кермалиев |