Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 7
“Таза суу салыгын жыйноо жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагындагы Бешик-Жон, Баймундуз, Жон айылдарынын жашаган кожолуктарынан 2016-жылга таза суу салыгын жыйноо маселесин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагындагы Бешик-Жон, Баймундуз, Жон айылдарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн, таза сууга кеткен электр энергиянын акча каражатын төгүүгө ар бир кожолуктан 2016-жылга карата 400сомдон, ал эми үйүнүн ичинде краны бар кожолуктардан 600сомдон салык жыйналсын.
2. 2016-жылдагы таза үчүн ремонтторуна айыл өкмөттүн бюджетинен жардам берилсин, ал эми элден таза суу үчүн жыйналган акчанын эсебинен электр энергияга жумшалсын.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн www.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Маманов |