Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 9
“ Аксакалдар сотунун төрагасы Сулайманкулов Жамалдиндин арызы жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасынын 2016-жылга эмгек акысын бекитип берүүсүн сурап кайрылган арызы боюнча угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын аксакалдар сотунун соттук процесстерине жумшалуучу иш кагаздары айыл өкмөттүн бюджетинен каржылансын жана аксакалдар сотунун төрагасына бир жылга 5000 (беш миң сом акча каражаты эмгек акы катары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн www.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | А. Маманов |