Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 11
“Жаңы конуш көчөлөрүнө ысым берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, Баймундуз айылынын тургуну Аликеев Жеңишбектин айыл өкмөткө жазган атасы Аликеев Маматтин ысымын өзүнүн үйүнөн эски шыйпанга чейинки кеткен көчөгө коюп берүүсүн сурап кайрылган арызынын негизинде өткөрүлгөн айылдык жыйындын протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баймундуз айылындагы жаңы конуш Аликеев Жеңиштин үйүнөн эски шыйпанга чейинки кеткен көчөгө эмгек ардагери Аликеев маматтин ысымы берилсин.
2. Көчөнү жашылдандырууга жана тазалыгына, шагал төшөөгө арыз ээси жардам көрсөтүп, жолдорго коюлуучу табличкаларды архитектуранын көрсөтмөсүнө негиз илинсин жана токтомдун көчүрмөсүн арыз ээсине жеткирүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн www.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулукту коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Маманов |