Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы№ 12
“Муниципалдык жерлерди ижарага берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы,
Бешик-Жон айылынын тургуну жеке ишкер А. Масабировдун 2016-жылдын 3-февралындагы жана Бешик-Жон айылынын тургуну Сакиев Нияздын 2016-жылдын 20-февралындагы Бешик-Жон айылынын борборундагы эски гараждын ордунан ишкердик жүргүзүүгө ижарага жер сурап кайрылган арыздарын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетин кеңейтүү максатында Бешик-Жон айылынын жеке ишкерлери А. Масабиров жана Н.Сакиевке ижарага муниципалдык менчик жерлерди берүү комиссиясында карап, келишимдик негизде ижарага ишкердик жүргүзүү үчүн гараждын ордунан жер бөлүнүп берилсин.
2. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн алдындагы ижарага жер берүү комиссиясына келишимде берилген жердин көлөмү жана төлөмдөрүн көрсөтүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн www.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулукту коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология боюнча туруктуу комиссиясына жана « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | А. Маманов |