БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык кеңештин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2016-жылдын 25-февралы № 13
“Бешик-Жон айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде кабыл алуу жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1пунктуна ылайык, Бешик-Жон айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынып, мамлекеттик тилде гана Бешик-Жон айыл аймагынын www.beshikjon.kg веб сайтына жарыялансын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Кадырбаева Бүбатмага жүктөлсүн.
Төрага | А. Маманов |