Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 1
Шарк айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзүлгөн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылга инвестиция таратуу аркылуу, айыл калкынын турмун денгээлин көтөрүү, инфраструктуранын ондоо жана элди таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында Ташлак айылынын Б.Козубаев көчөсүнө , жалпы долбоордук сметасы 1,2 млн сом болгон таза суу түтүктөрүнүн курулушу ПРООН тарабынан 565,0 миң сом айыл өкмөт тарабынан каржылануусу каралган.
Ушул 485,0 миң сом акча каражатын таза суу түтүктөрүнүн курулушуна которуп берүү үчүн Шарк айылдык кенеши Шарк айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзүлгөн бюджетинен курулмаларды учурдагы оңдоо -22211200-статясында Медресе айылына жана Ташлак айылынын Маруфий көчөлөрүнө жаныдан таза суу түтүктөрүн тартуу үчүн суу тазалоочу курулмаларды курууга каралган 2,0 млн сом эсебинен 485,0 миң сом жогоруда белгиленген суу түтүктөрүн куруу үчүн жумшоону карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзүлгөн бюджетинин 22211200 «Курулмаларды учурдагы оңдоо» статьясындагы Медресе айылына жана Ташлак айылынын Маруфий көчөлөрүнө жаныдан таза суу түтүктөрүн тартуу үчүн суу тазалоочу курулмаларды курууга каралган 2000,0 миң сом эсебинен 485,0 миң сом Ташлак айылынын Б.Козубаев көчөсүнө ПРООНдун долбоору менен курулушу каралган таза суу түтүктөрүн куруу үчүн коруп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзүлгөн бюджетине тийиштүү өзгөртүүнү киргизүү айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарка йылдык кеңешинин бюджет муниципиалдык менчик жана финансылык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |