Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 2
Мамлекеттик салык кызматынын 2015-жылдын 14-апрелиндеги чыг № 025-15-08-894-6521 сандуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик кызматынын 08.04.2015-жылдагы № 09-3-6.4848 сандуу катына ылайык Кыргыз Респуьликасынын салык Кодексинин 6-бөлүмүнүн 337-беренесинин негизинде айылдык кеңештин сессиясында карап, айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын өлчөмүн көтөрүүнү сураган Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 14.04.2015-жылдагы чыг. № 025ү15ү08ү894ү6521 сандуу катын карап жана талкуулап Шарк айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстрүү чяыгымдарынын кийинки мезгилде кар жаап үстүбүздөгүжыл дыйкандар үчүн өтө татаал болуп, жаз мезгилинде кар жаап суук болгондугунун кесепетинен эгилген айыл чарба эгиндерин кайрадан эгилгендиктен , ага бологон чыгымдардын ого бетер өскөндүгүнө байланыштуу 2015-жылда айыл чарба багытындагы жер аянттарынын жер салыгынын базалык ставкалары мурдагыдай өлчөмдө калтырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешини, муниципиалдык менчик жана финансылык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |