Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 3
Маданият айылындагы жаны элдик конуштун көчөсүн атын атоо жөнүндө
Айылдын Т. Алтыбаев көчөсүнөн кийинки жаны элдик конуштун көчөсүнө , аталары Сыдыков Шакирдин ысымын ыйгарууну сураган , анын болдары , айылдын тургундары Турдубек, Баатыр жана Наби Шакировдун арызын карап жана талкуулап, Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият айылынын Т. Алтыбаев көчөсүнөн кийинки жаны элдик конуштун көчөсү, айылдын тургуну, колхоздук өндүрүшкө өзүнүн көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен салымын кошкон , маркум Сыдыков Шакирдин ысымы менен аталсын.
2. Көчөнүн аталышы жана аны тартипке келтирүү ,ондоо менен байланышкан уюштуруучулук жумуштар Ш. Сыдыковдун балдары жана жакындары тарабынан жүргүзүлүшү белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Маданият айылынын айыл башчысы М. Абдувалиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |