Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 4
Шарк айылындагы жаны элдик конуштун көчөсүн атын атоо жөнүндө
Шарк айылынын жаны элдик конуштун көчөсүнө, айылдын тургундарынын арызын карап жана талкуулап, Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шарк айылынын жаны элдик конуштун көчөсү, Улуу ата мекендик соогушунун ардагери айылдын тургуну, колхоздук өндүрүшкө өзүнүн көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен салымын кошкон, маркум Сыдыков Бодош атанын ысымы менен аталсын.
2. Көчөнүн аталышы жана аны тартипке келтирүү, ондоо менен байланышкан уюштуруучулук жумуштар Б. Сыдыковдун балдары жана жакындары тарабынан жүргүзүлүшү белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылынын айыл башчысы Х. Балтабаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Салиев |